Кыргызстан - Мобилдүүлүк боюнча баштапкы баалоо (3-айлампа)

Share

Download

Share

Contact
iomkyrgyzstan@iom.int
Language
Kyrgyz
Location
Kyrgyzstan
Period Covered
Jul 01 2024
Jul 31 2024
Activity
  • Survey
  • Flow Monitoring Survey
  • Mobility Tracking
  • Baseline Assessment

MКM Кыргызстанда калктын мобилдүүлүгүн көзөмөлдөө, мигранттардын болжолдуу саны боюнча маалымат берүү, эмгек мигранттарынын жана кайтып келген мигранттардын географиялык бөлүштүрүлүшү, миграциянын себептери, Кыргызстанга мигранттардын кайсыл өлкөлөрдөн кайтып келгени жана миграция мезгилдери жөнүндө маалымат берүү максатында Мобилдүүлүк Боюнча Баштапкы Баалоону (BMA) ишке ашырат. Маалыматтар айылдык деңгээлде негизги маалымат берүүчүлөрдөн жана түздөн-түз байкоолордон чогултулат.                          

Мобилдүүлүк Боюнча Баштапкы Баалоо (BMA) Кыргыз Республикасынын бардык жети облусунда (Баткен, Чүй, Ысык- Көл, Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Талас), анын ичинде бул облустардагы бардык 40 райондорунда (аймактарда), ошондой эле Кыргызстандын эки ири шаарында (Бишкек борбор шаары жана Ош шаары) жүргүзүлдү. Бул баалоо 1 159 негизги маалымат берүүчүлөр менен маектешүү аркылуу 999 жамаатты камтыды. Маалымат берүүчүлөрдүн негизги эсептөөлөрүнүн негизинде, 2020-жылдан 2024-жылдын апрелине чейин Кыргызстандагы бааланган коомчулуктарында 34 966 эл аралык эмгек мигранттары жайгашкандыгы билинди. Ошол эле учурда бааланган жамааттарда 44 391 ички мигрант жайгашкан жана 227 629 кыргызстандык жаран чет өлкөдө эмигрант катары жашап жатканы кабарланууда. Мындан тышкары, чет өлкөдөн 128 661 мигрант кайтып келген. Мобилдүүлүк Боюнча Баштапкы Баалоонун 3-үчүнчү айлампасы Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (ЭСКММ) менен тыгыз кызматташтыкта өткөрүлөт.