МИГРАЦИЯ ЖӨНҮНДӨ МА А ЛЫМАТ ТАРДЫН КЕМЧИЛИГИН АНЫКТОО БОЮНЧА ТАЛДОО (2024 ЯНВАРЬ)

Share

Descargar

Share

Contacto
mtmkyrgyzstan@iom.int
Idioma
English
Ubicación
Kyrgyzstan
Fecha de instantánea
Jan 01 2018
Dec 31 2023
Actividad
  • Mobility Tracking

Бул баяндама төмөндөгү методология бөлүмүндө түшүндүрүлгөндөй Миграциялык Маалыматтарды Картага түшүрүү боюнча машыгуу иш-чаранын негизги жыйынтыктарын аныктайт, жана Кыргызстандагы миграция жөнүндө азыркы учурда болгон жеткиликтүү маалыматтарды аныктайт. Каралып чыккан миграция маалыматы Кыргызстандагы активдүү жана тиешелүү мамлекеттик маалымат базаларынын, ошондой эле БУУнун агенттиктеринин жана өнүктүрүү мекемелеринин картасын камтыйт. Тактап айтканда, маалыматтарды карап чыгууда иммиграция, эмиграция, кайра кайтып келүү миграциясы, документсиз миграция, Кыргызстанда жашаган качкындар, Кыргызстандан келген качкындар, ички миграция, ири маалымат жана акча которуулар боюнча тематикалык багыттар камтылган. Бул баяндама ошондой эле негизги улуттук миграция саясатын жана тиешелүү кызыкдар тараптарды баса белгилейт.

Кыргыз Республикасындагы иммиграция боюнча учурдагы маалымат туралуу топтомдорун карап чыккандан кийин, иммигранттардын агымы боюнча маалымат мамлекеттик органдар тарабынан жыл сайын чогултулуп, баяндама берилип жатканы такталды. Жыл боюнча бөлүштүрүлгөн иммигранттардын агымынын саны тууралуу маалымат Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинде (КР УСК) кыргыз, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү. Бирок, иммигранттардын жынысы, билими, туулган жери, жашы жана жумушу боюнча маалыматтын бөлүштүрүлүшү коомго ачык жеткиликтүү эмес, бирок мындай маалыматтарды КР УСКнен расмий маалымат өтүнүчү аркылуу алууга болот. КР УСКсы жана Кыргызстандын Эмгек, ссоциалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (КР ЭСКжММ) тарабынан билдирилген иммигранттардын агымы тууралуу маалымат КР УСКки тарабынан билдирилген маалыматтан кыйла айырмаланат, ал дегени ар мекеме тарабынан колдонулган иммигранттардын аныктамалары ар түрдүү болушу мүмкүн дегенди билдирет билдирет. Өлкөдө туруктуу жашап жаткан иммигранттардын саны боюнча так маалымат жок, бирок маалыматты БУУнун Экономикалык жана Cоциалдык иштер департаментинин маалымат платформасынан табууга мүмкүнчүлүк бар. Келечектеги изилдөөлөр өлкөдөгү туруктуу жашап жаткан иммигранттардын санын аныктоого багытталышы керек.

Башка өлкөлөргө Кыргызстан жарандарынын эмиграцияга кетуу тууралуу маалыматтарды талдоо көрсөткөндөй, эмиграциялык агымдар жөнүндө маалыматтардын көпчүлүгү административдик маалыматтардын негизинде түзүлөт. КР УСКсы жыл сайын өзүнүн веб-баракчасында эмигранттардын агымы жөнүндө баяндама маалыматтарды берип турат, анда эмигранттар этностук таандыктыгы, жынысы, жаш курагы, өз өлкөсүндө келип чыккан жери жана барган өлкөсү боюнча маалыматтар менен бөлүшөт. Бул маалымат жалпы коомчулукка ачык, негизинен орус тилинде жеткиликтүү. Кыргызстандын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери да эмигранттарды каттоого, маалыматтарды чогултууга жана эмигранттардын болжолдуу саны жөнүндө баяндама берүүгө катышат. Бирок, эмигранттардын социалдык профили тууралуу маалымат жок. Өнүгүү уюмдары тарабынан жүргүзүлгөн ар кандай сурамжылоолор жана изилдөөлөр эмигранттардын социалдык профили жөнүндө маалымат берет, бирок бул изилдөөлөрдүн ар биринин өз чектөөлөрү бар. Кийинки изилдөөлөр административдик маалыматтардын негизинде алынган мигранттардын саны жөнүндө маалыматка багытталышы керек.